www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чилинин президенти Себастьян Пиньера беткапсыз баарлашканы үчүн 3500 доллар айып төлөөгө аргасыз болду.
Пинера социалдык тармактарда популярдуу болуп кеткен сүрөттөн кийин өзүнө каршы бийликке арыз жазууга аргасыз калган. Ал сүрөттөрдө сейилдөө убагында катардагы жаран ага келип, бирге сүрөткө түшүүнү өтүнгөн. Элди нааразы кылган факт, ал сүрөттүн каармандарынын биринде да коронавирус күчөп жаткан учурунда өзүн-өзү коргоо каражаттары колдонулбаганында болгон.
Чилиде коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн эл алдында жана баарлашууда маска кийүү боюнча катуу эрежелер бар. Эрежелерди бузгандарга чоң айып пул салынат, атүгүл эрежени бузган жарандар түрмөгө кесилет.
Булак: NazarNews.kg