www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- «Мыйзамдуулук үчүн тынчтык жүрүшүнүн» үнү угулуп, таасири тийерине көзүңүз жетеби?

- Биздин үнүбүз сөзсүз түрдө угулат. Бирок, ага убакыт керек. Маршка чыгып жаткан жарандык коомдун көп өкүлдөрү өз учурунда Райымбек Матраимовго, депутат Гүлшат Асылбаеванын мыйзамына каршы чыгышкан. Алардын жыйынтыгы акырындык менен келди. Мында деле ошол үмүт бар.

- Президенттик башкарууга каршы болуп, «ал элдин, мамлекеттин кызыкчылына туура келбейт» дедиңиздер. Себеп?

- Дүйнөдөгү көп мамлекеттер президенттик башкаруудан баш тарткан. Ошол эле Орусия менен Казакстандын саясатына көз салсак, алар деле билинбеген менен парламенттик башкарууга басым жасап жатышат.

Биз 2010-жылкы болгон окуяларды тез эле унутуп, үй-бүлөлүк-кландык башкарууга өтүп кетүү оңой эле экенин эске албай жатабыз. Мен парламенттик башкаруунун жактоочусумун. Ошондуктан, президенттин номиналдык фигура катары иштешин каалайм. Негизги чечимдерди парламент кабыл алышы керек.

- Кандай башкаруу болбосун мыйзамдар так аткарылып, тартип күчөмөйүн өзгөрүү болот деп ишенесизби?

- Бардык нерсе сотторго байланыштуу болгондуктан, аларды эч кимден көз карандысыз кылуу маанилүү. Качан гана адилеттүү сот бийлиги орногондо, мыйзамдар так аткарылып, тартип орнойт.

- Констнтуциялык реформаларды колдогондор жана колдобогондор социалдык тармактарда кайым айтышууда. Эмне үчүн орток пикирге келүү мүмкүнчүлүгү болбой жатат?

- Бул жерде эки башка класстын өкүлдөрүнүн карама-каршы пикирлери орун алууда. Тилекке каршы, 30 жылда орто класс жоголуп, колунда бар жана колунда жоктордун ичинде чоң ажырым пайда болду. Жыйынтыгында, эки тараптын бир түшүнүккө келиши кыйындап жатат.

Булак: «Азия News» гезити

Последние новости