www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Чимкирик» парламентке эл салыгы менен канча акча коротуп келди? Депутаттар ойноп, күлүшү үчүн 100 миң сомдон тышкары, чиндерине, наамдарына, квартал сайын сыйлыгына , ал эмес күзүндө салат жасап алышсын деп миллиондогон акчалар агылып турду анткени мамбюджетти депутаттар өздөрү бекитет. Өздөрүнөн-өздөрү акча аямак беле? Депутаттарга кеткен 780 млн сомдун 706 млн сому депутаттарга эмес, элге кызмат кылышы керек. 64 депутат шайланып, анын ичинде 9 депутат гана туруктуу иштөөнү сунуш кылып жаткан, СКС программасы Конституцияга өзгөртүү кийирүүнү каалайт.
Мисалы, Конституциянын 4-бөлүмүнө киргизиле турган өзгөртүүлөр мыйзам чыгаруу бутагына таандык. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеште 120 депутат иш алып барып жатат. Бюджеттин эсебинен аларга 780 000 000 сом бөлүнөт. СКС сунуштап жаткан өзгөртүү мындайча болмокчу.
Кыргызстанда 64 эл өкүлдөр округу болот. Парламент Мыйзам чыгаруучу жана Эл өкүлдөр болуп бөлүнөт. Парламенттин ичинен 9 депутат туруктуу негизде иштейт дагы калган 55 депутат күзгү жана жазгы сессияга келип иш аткарып турушат. Жыйынтыгында Кыргыз мамлекетине 706 000 000 сом коромжу болбойт. «Чимкирик» депутаттардын ордуна «Какырыктар» келиши мүмкүн, ошондуктан мыйзамды алмаштырсак бир гана парламенттен 706 млн сом үнөм болот.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg