www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чимкирик парламент деп эл баа берген, бирок аны да кимдир-бирөөлөр менчиктештирип алышкан. Кеп анда эмес: “Мен чимкирик депутат эмесмин” –деп Масалиев депутаттыгына кол шилтеп кете берген. Учурда Масалиев парламенттик республикага каршы экенин, президенттик башкарууну колдоорун билдириптир.

 Апсамат Масалиевич бийликте турганда анын уулу Исхакты бийликке аралаштырган жок. Ал криссталдай таза адам болгондуктан андай сөз болушу мүмкүн эмес болчу. Аттиң, дүнүйө дейт экенбиз, ушундай таза адам президент шайлап алганда мамлекетибиз бутунан эбакта туруп кетип, камчы салдырбай кетмекпиз. Демократияны Акаев эмес, Масалиев баштаган. Ошол демократияны өзүнө жолтоо болду. Аны интригандар сатып кетишип, Кыргызстанды талап кетишти. 1995-жылы Масалиевдин жеңишин көз көрүнө көмүп салышты. Бирок, ал бары бир жеңди. Бир үй-бүлөдө үч адам атасы Апсамат Масалиев, баласы Исхак Масалиев жана баласындай болгон күйөө баласы Эркинбек Матыев депутат болуш, Гиннестин китебинде да жок. Исхак мырзанын таскагы оппозицияда чыкты. Эл аны колдоп келатат. Акаевдик заман кулаган соң ал Салык инспекциясына келип, бирок өзүн көрсөткүчө ордун алып коюшат. Бакиевдин заманында мен деген партиялар парламентке туруштук бере албай өтпөй калышкан. Исхак Масалиевдин Коммунисттер партиясы жеңип чыккан. Апрель революциясынан соң бардыгы коңулга кире качышканда Исхак мырза гана баш көтөрүп легитимдүү парламентти чакыруу тууралуу маселени кабыргадан койгон. Үсөн Сыдыков менен бирге Убактылуу өкмөткө каршы чыгып сыз жерлерге да отуруп келди. Бул анын кайсы  бийлик болсо да ийилип, бүгүлбөгөнү, атасынын баласы экендиги. Исхак Масалиевдин айткан сөзү эл ичинде салмагы бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости