www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда насвай чеккен аялдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйында Республикалык ден-соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун бөлүм башчысы Чинара Бекбасарова билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдан бери Кыргызстанда 15 жаштан жогорку курактагы эркектердин арасында тамеки чеккендердин саны азайып, ошол эле учурда аялдар менен кыздардын арасында тамеки тарткандардын саны өскөн.

"Ошондой эле насвайды аялдар 7 эсе, эркектер 3 эсе көп колдоно башташкан. Буга бир жагынан тамекинин кымбатташы, экинчи жагынан насвайдын жөнгө салынбаганы таасир этүүдө", - деди Чинара Бекбасарова.

Эскерте кетсек, дүйнө жүзүндө эртең, 31-майда – бүткүл дүйнөлүк чылым чегүүгө каршы күрөшүү күнү белгиленет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости