www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарын колдонууну өбөлгөлөө жана 2019-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасында кубаттоо инфраструктурасын түзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү буйругуна жакында эле кол коюлган. Айтылып жаткан документ бир катар салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдү жоюу боюнча өбөлгөлөөчү чараларды киргизүү жолу аркылуу өлкөдө электромобилдерди колдонууга жагымдуу шарт түзүү жана электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарынын ээлери үчүн экономикалык жана социалдык жактан пайдалуу болуусуна багытталды.
Өкмөт башчы дүйнөлүк тенденцияда электромобилдик транспорт күн санап кеңири колдонулууда, буга байланыштуу биздин өлкөдө бул багыт жашыл экономиканынын бирден-бир артыкчылыктуу багыты катары карылышы керектигин белгиледи.
«Бизде электр энергиясынын тарифи эң эле төмөн, бул электромобилдероди колдонууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр мамлекеттик органдар жарандарга үлгү көрсөтүшү керектигин баса белгилеп, мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат бөлбөй мамлекеттик органдардын автопаркын электромобилдерге өткөрүү программасын иштеп чыгууну тапшырды. Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга, автопаркты оңдоого жана аны камсыздоого багытталган башка беренелер үчүн бюджеттен кеткен учурдагы чыгымдарга талдоо жүргүзүлөт. Электромобилдердин батареяларын кубаттоо үчүн электр энергиясына 1 сом 59 тыйын өлчөмүндө атайын баа бекитилет.
Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү демилгелөөнү жана электромобилдер үчүн КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды. Мындан тышкары транспорттун бул түрү унаа салыгынан жана комплекттик бөлүктөр жана кубаттоо инфраструктурасы үчүн кошумча нарк салыгынан бошотулмакчы.
Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2017-жылы республикада 1 173 миң транспорттук каражат катталган, анын 94,6 пайызынын чыгарылганына 10 жыл жана андан ашык убакыт өткөн. Бул статистика өлкөнүн автопаркынын эскерип бара жатканын көрсөтүп турат.
Bloomberg New Energy Finance (BNEF) эксперттик баалоолоруна караганда, 2025-жылы электромобилдерди сатуу 11 миллион даанага жетет жана 2030-жылы 30 миллион даанадан ашат. Электромобилдерди чыгаруу жана сатуу темпинин мындай өсүшү технологиялык чечимдерге жана батареялардын баасынын арзандашына (электромобилдердин баасынын 40 пайызы) жараша болот.
Булак: NazarNews.kg