www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тоо чокулардын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымы берилди. 20-октябрда Жаштар иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев башында турган кыргызстандык альпинисттер Кыргыз Ала-Тоосунун борборундагы («Салык» мөңгүсүнүн жанындагы) бийиктиги 4 миң 650 метрге жеткен мурда аты жок болуп келген чокуга чыгып, ал жерге Турдакун Усубалиевдин ысымы жазылган тактаны орнотушту.
Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында уюштурулду. Буга чейин Усубалиевдин ысымын далай мекеме-жай, ишкана, район-аймактарга ыйгаруу маселеси көтөрүлүп келгендигин билебиз. Себеби, Кыргыз ССРдеги далай курулуштар дал ушул инсандын республиканы жетектөө убагына туура келет. Айтсак, азыркы Жогорку Кеңеш, цирктин имараты, “Кыргызстан” мейманканасы, опера жана балет театры ж.б. Бул имараттарсыз азыркы Бишкекти элестетүү мүмкүн эмес. Ал эми республикалык масштабда Токтогул ГЭСи, “Манас” аба майданы ж.б. бар.
Булак: NazarNews.kg