www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезияда бүгүн, 28-мартта католиктердин чиркөөсүнүн жанындагы жардыруудан кеминде 10 адамдын өмүрү кыйылып, дагы бир нече адам жараат алды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, окуя Макасар шаарында адамдар чиркөөдөн чыгып келе жаткан учурда болгон. Полиция жанкечти адам жардыргыч затты жардырып жибергенин айтууда.

Азырынча бул террордук чабуулдун артында ким турары белгисиз. Чиркөөнүн кызматкерлеринин айтымында, жанкечти ал жерге мотоцикл менен барган жана чиркөөнүн ичине кирүүгө аракет кылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости