www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ундун чекене баасы бир жылда 12%га жогорулады

Кыргызстанда ундун чекене баасы бир жыл ичинде орто эсеп менен 12 %га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

25-мартка карата жогорку сорттогу буудай ундун баасы республика боюнча орточо эсеп менен 48,45 сомду түзүп, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 13,2 %га өскөн. Ал эми биринчи сорттогу буудай ундун баасы 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 38,97 сомду түздү же 10,8 %га өстү.

Ошол эле учурда жогорку сорттогу ундун эң жогорку базар баалары Ошто- 61,11 сом, Ноокатта-56,82 сом, Балыкчыда — 55,54 сомдон сатылууда.

Ал эми арзан баалар Кербенде бир килограмм ун 40,10 сом, Өзгөндө — 42,99 сом жана Чаек айылында- 43,00 сом болуп байкалды.

Жогорку сорттогу ундун эң жогору өсүшү өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу Покровка айылында — 1,4 эсеге, Чаек айылында — 1,2 эсеге, Жалал-Абад шаарында — 16,4 %га, Токтогул шаарында — 8,9 %га, ал эми биринчи сорттогу унга Чаек айылында — 24,1 %га, Балыкчы шаарында — 18,4 %га жана Исфана шаарында — 15,2 %га өскөнү катталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости