www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги 47 көчөнүн кесилиштеринде жарык өчүрүлөт. Тизме

Эртең, 29-мартта, Бишкектин айрым райондорунда жарыкты өчүрүү пландалууда. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынын сайтында маалымдалды.

Бул күнү бардык бригадалар үйлөрдөгү тармактар менен трансформаторлорду оңдоп-түзөп, электр чубалгыларына жолтоо болгон бутактарды кесип жана башка жумуштарды аткарышат.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

8:00дөн 17:00гө чейин —Байтик баатыр, Лев Толстой жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиштеринде;

9:00дөн 14:00гө чейин — Термечиков көчөсүнүн кесилиштеринде;

9:00дөн 17:00гө чейин — Жибек Жолу проспектиндеги №328 үйдө;

9:30дан 13:00гө чейин — Көк-Жар жаңы конушунда (Көк-Жар, Куйручук, Шоокум, Шабдан баатыр көчөлөрү);

9:30дан 17:00гө чейин — Байтик баатыр, Кулатов, Элебаев, Лев Толстой көчөлөрүндө жана 9-кичирайондогу №36а үйүндө;

9:30дан 18:00гө чейин — Чыңгыз Айтматов проспекти, Шота Руставели, Славянский, Жунусалиев, Үчүнчү линия, Жаңы, Юдахин, Ломоносов, Маликов, Совхозный, Алыбаев, Захарьев, Гагарин, Термечиков, Репин, Хоперская, Дагестанская, Айни, Табалдиев, Жаманбаев, Ленская, Фучик жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинтеринде;

9:50дөн 18:00гө чейин — Жибек Жолу проспекти, Целиноградская жана Садовая көчөлөрүнүн кесилиштеринде;

10:00дөн 16:00гө чейин — Бакай-Ата жаңы конушунда;

10:00дөн 18:00гө чейин — Арча-Бешик жаңы конушунда (Эр Тайлак, Ак-Тан көчөлөрү);

12:30дан 15:30га чейин — Ахунбаев көчөсүнүн (№ 92, 92а, 92б үйлөрү) кесилиштеринде;

15:00дөн 17:00гө чейин — Горький, Жукеев-Пудовкин, Карасаев, Элебаев, Медеров көчөлөрүнүн, Садовой, Уфимский, Береговой жана Гранитный кууш көчөлөрүнүн кесилиштеринде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости