www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индияда коронавирус менен ооругандардын саны өсүүдө, 62,7 миң бейтап аныкталып, акыркы беш айдагы рекорддук көрсөткүч катары катталды. Бул тууралуу маалыматты Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы тараткан.
Билдирүүгө ылайык, аталган өлкөдө COVID-19 менен жалпысынан 11,97 миллион учур катталды. Ошондой эле, 11,32 миллиондон ашык адам ооруну жеңип, болжол менен 486 миң адам дарылануусун улантууда. Ал эми 161 миң адам коронавирустан улам көз жумган.
Белгилей кетсек, Индия коронавируска чалдыккандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат.
Вирусту эң көп жугузгандар Махараштра штатында. Анда акыркы суткада коронавирустун 35,7 миң жаңы учуру аныкталган.
Эске салсак, буга чейин бийлик коронавирус көбөйгөндүктөн, түнкү коменданттык саат киргизген. Штаттагы бардык соода борборлору кечки саат 8: 00дөн таңкы 7: 00гө чейин жабык болот жана бештен ашык кишинин чогулушуна тыюу салынган. Эрежеге баш ийбегендер 1 миң рупий айыппул төлөйт жана беткапсыз жүргөндөргө 500 рупий айыппул салынат.
Булак: NazarNews.kg