www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда «Чиновниктин балдарына өкмөттүн алы жетпей калды» деген аталыштагы видео жарык көргөн. Видеодо той кортежи жол кыймылынын эрежелерин одоно бузганы тартылган. Бул видео боюнча Милициянын кайгуул кызматы маалымат берди.
Автор унаалар карама каршы тилкеге чыгып, жол тыгындарын жаратып жана катуу ылдамдык менен бара жатышкандыгын, ошондой эле бул айдоочуларга чара көрүүдө өкмөттүн жана Кайгуул кызматынын алы жетпейт деген кайрылуу жасаган.
«Видеодогу жол эрежелерин бузуу фактылары боюнча Милициянын кайгуул кызматы ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, анын жыйынтыгында азырынча кортеждеги эки унаа («Мерседес-Бенц», «Тойота Камри») кармалып, Бузуулар жөнүндө кодексинин тийиштүү беренелеринин негизинде протоколдор толтурулду.
Калган унааларды издеп таап, чара көрүү иштери уланууда», - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg