www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун аймагына контрабандалык спирт ичимдиктерин ташып келүү жолуна бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2023-жылдын 24-мартында УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, "Акжол-автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунда тиешелүү жүктү коштоо документтери жок, Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз түрдө спирт ичимдиктерин алып келүү аракетине бөгөт коюлду.

Такталгандай, спирт ичимдиктери Кыргыз Республикасынын аймагына эл керектөөчү товарларга жамынып, 1 тонна өлчөмүндөгү атайын идиштерде ташылып келингендиги ачыкталган. Жыйынтыгында алдын ала эсептөөлөр боюнча ташылып келинген алкоголдун жалпы көлөмү 8 тоннага жакын болгон жүк менен Мерседес-Бенц «Отего» 1221 үлгүсүндөгү 2 жүк ташуучу унаа кармалган. 

Унаалар убактылуу кармоочу жайга киргизилди, Чүй облусу боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы менен биргеликте товарлардын келип чыгышын жана мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган текшерүү иш-чараларын жүргүзүү пландаштырылууда.

 

 

Последние новости