www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Nazarnews” маалымат агенттигинде жаран Гүлзат Аалиеванын ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылуусу жарыяланган. Ал кайрылуудагы көтөрүлгөн маселелер боюнча ички иштер министрлиги атайын максаттуу жана ыкчам иш-аракеттерди көрүп жаткандыгын билдирет.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы, республиканын аймактык ички иштер органдары экстремизмди, терроризмди, улуттук жана аймактык кастыкты козутуунун алдын алуу максатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, тартип коргоо органдарынын жана дин кызматкерлеринин, мугалимдердин, үй-бүлөлүк дарыгерлердин, жарандык активисттердин, жаштар комитеттеринин, аялдар жана аксакалдар кеңештеринин өкүлдөрүнүн, мектеп окуучуларынын, жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттеринин арасында коомдогу радикалдашуунун, диний экстремизмди жана улут аралык кастыктардын алдын алуу багытында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүп келе жатат.
   
Ички иштер министрлиги тарабынан 2023-жылдын 2-айына карата жалпы республика боюнча жалпы 928 маалымдоо-алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Алардын ичинен 875 лекция, 8 семинар-тренинг, 1 конференция, 44 жолугушуу же тегерек стол болду. Ошондой эле, иш-чаралардын катышуучулар арасында 3621 буклет, 7 усулдук китепче, 30 видеоролик таратылган. 


Бул багытта алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү максатында 12 материал Интернет жана социалдык түйүндөр аркылуу таратылып, алар менен 10000ден ашуун колдонуучу таанышып чыкты. Ошондой эле, өткөрүлгөн профилактикалык иш-чаралар ИИМдин расмий сайттары жана башка жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ар дайым чагылдырылып келүүдө.


Ошондой эле, 2023-жылдын 2 айында экстремизм багыты боюнча сотко чейинки 46 өндүрүш иши тергелген, анын ичинен соттук кароого 11 кылмыш иши жиберилген, ал эми өндүрүштө 38 сотко чейинки ѳндүрүш иштери тергелүүдө. Андан сырткары, жарандардын кайрылууларында тергөөчүлөрдүн ишмердигине нааразычылык дагы айтылган. Бул боюнча ИИМ коомчулукка туура жана далилдүү маалымат берүүнү туура көрдү. 


Алсак, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБине Бишкек ШИИББинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы кайрылып, интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүү учурунда «Фейсбук» социалдык тармагында «С.З.» деген ат менен катталган активдүү колдонуучуну аныкташкан. Бул аккаунтту талдоо учурунда,анын баракчасында дин аралык кастыкты (чатакты) козутууга, ошондой эле, жарандардын динге болгон мамилеси боюнча кемсинтүүнү пропагандалоого багытталган посттор системалуу түрдө жайгаштырылып жаткандыгы аныкталган.


«Фейсбук» социалдык тармагындагы бул посттор колдонуучулар арасында кеңири талкууга алынып, алар арасында Кыргыз Республикасынын аймагында дин аралык чыр-чатакка алып келиши мүмкүн болгон талаш-тартыштар пайда болуп келген.

Бул факт Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБинде катталып, тергөөчү тарабынан ал материалдарга карата комплекстүү соттук-лингвистикалык жана дин таануу экспертизасы дайындалып, анын корутундусуна ылайык, изилдөөгө берилген материалдарда дин аралык кастыкты козутууга багытталган посттор камтылганы аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексиинин 330-беренесинин 1-бөлүмү (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда Фейсбук социалдык тармагында дин аралык кастыкты козутууга багытталган материалдарды системалуу түрдө жарыялап турган бул аккаунттун чыныгы колдонуучусу аныкталган. Ал 1966-жылы туулган Д.С.З экени белгилүү болгон.


Тергөөчү тарабынан кылмыш иши боюнча маанилүү болгон далилдердин жоголуп же бузулуп, же башка мыйзамсыз максатта колдонулушу мүмкүн деген негизде Д.С.З деген жарандын  «Самсунг Галакси А31» үлгүсүндөгү уюлдук телефону алынып, тийиштүү иш кагаздарынын көчүрмөлөрү Д.С.Зга тапшырылган. Ал эми тергөөчү тарабынан Д.С.Здан тергөө иштери аяктаганга чейин тергөө аракеттерине үзгүлтүксүз катышуу милдеттенмеси алынган.

Жогорудагылардын негизинде тергөөчүлөрдүн ишинде мыйзамсыз аракеттер болбогонун жана бардык тергөө амалдары мыйзамдын чегинде жасалганын белгилеп кетүү керек. Ошондуктан, бул жарандын кайрылуусу ички иштер органдарынын кызматкерлерин каралоо максатын көздөгөнү байкалып турат. 

Ошондой эле, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы коомдогу радикалдашуунун, диний экстремизмди жана улут аралык кастыктарды алдын алуу багытында иштерин мындан ары да уланта тургандыгын жана жогорудагы жарыяланган материалда айтылгандар чындыкка дал келбестигин, бардыгы мыйзам чегинде гана жүргүзүлүп жаткандыгын жана жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости