www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Улан Омоканович!

Сиз жетекчилик кылган ИИМдин астындагы 10-бөлүмдө иштегендерге кыргыз элинин тили, каада-салты, нарк-насили сыяктуу улуттук баалуулуктарын максаттуу түрдө жок кылууну көксөгөн сырткы геосаясый акчалуу күчтөрдүн тарыхый мүнөздөгү оор кылмыш болуп саналган этноцид саясатын жүргүзүүгө курал катары пайдаланылган радикалдуу дин таратуучуларга чөк түшүп, «ляппайлоо» кызматын аркалоо милдети жүктөлгөнбү?

Анткени, акыркы жылдары ИИМдин астындагы 10-бөлүм светтик Кыргыз Республикасын радикалдуу динчилердин экстремизминен коргоо функциясын «унутуп» салгандыктан, коомдо ата-бабабыз тарыхый түрдө кабыл алган Ханафи мазхабынын принциптерине эч коошпогон кооптуу диний абал жаралды. 

Радикалдуу динчилер светтик мамлекеттин бала бакчалары менен мектептерине чейин кирип барып, «Менин 3 аялым бар. Азыр 4-аял издеп жүрөм» деген мазмундагы дааватты ээн-эркин жүргүзүп, кичинекей кыздарды хиджабга ороп, балдарды намазга жыгып, алар менен макул эмес мектеп директорлору менен мугалимдерди жакалап, ур-токмокко алып, аларды массалык түрдө жумуштан кетүүгө мажбур кылып жатышканын бул шилтемеден көрүп коюңуз: 
https://youtu.be/Y-eCs6JwN-M

Ал тургай, динди бетине кармап алышып, кыргыздын руханий маданиятынын туу чокусу болгон «Манас» эпосуна чейин асылып, Сиз министр болуп иштеп жаткан мамлекетти түптөгөн Манас баатырды порнографиялык мазмунда ашата сөккөнү тууралуу маалыматты бул шилтемеден көрүп коюңуз:
https://youtu.be/-GwRdn-yZ_E

Жогорудагыдай жагымсыз жагдайларга карабастан, ИИМдин астындагы 10-бөлүм эмнегедир (бизге белгисиз себеп менен) светтик мамлекеттин пайдубалын талкалап, сырткы геосаясый күчтөрдүн акчасына таянган бир ууч дин таратуучуну түбөлүк бийликке алып келип, миллиондогон элди түбөлүк шорго чылаган Халифат курууну көксөгөн радикал динчилер менен күрөшкөндүн ордуна, акчалуу дин таратуучулардын өтө оор тарыхый кылмыш болуп саналган этноцид саясатына карата пассивдүү байкоочунун позициясын ээлеп жатканы – коомчулукту айран-таң калтырууда. 

Дагы бир жагдай, Улан Омоканович! 

Радикал динчилерге Сиз жетектеген ИИМ көз жуумп, унчукпаса да, Конституцияда кашкайта көрсөтүлгөн светтик принципти жактап, радикалдуу дин таратуучулардын кылмыштуу этноцид саясатына каршы болгон мекенчил инсандар өз позициясын фейсбук сыяктуу социалдык тармактарда активдүү билдирип келишет.

Эң кызыгы:

  • Сиз жетекчилик кылган ИИМдин астындагы 10-бөлүмдө иштеген тергөөчү Юруслан Абдуманаппов,

  • Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин тергөөчүлөрү Самат Долотбаков менен Нурсултан Чырмашев,

  • Бишкек шаарынын Биринчи Май прокуратурасынын прокурору Тамара Тилекеева,

  • Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин алдындагы соттук-эксперттик кызматтын жетекчиси Кочкорбаев Иманилла Нуркамалович жана анын алдында иштеген чала сабат эксперт Ж. Семенова менен жалаң хиджабга оронгон теолог-дин таануучулар,

  • ашкере динчил адвокат Аида Абдырахманова

  • сыяктуулар өзүн «кыргызмын» деп сыймыктануу менен атаган жарандарды, кыргыз баалуулуктарын изилдегендерди, төкмө акындарды, санжырачыларды, этноспорт өнүктүрүүчүлөрдү бутага алып, аларды соттук куугунтукка алууну «адистикке» айлантып алышты.

Эсиңизге салсам: азыр Сиз жетекчилик кылган ИИМдин астындагы 10-бөлүмдүн өзгөчө буйрутмасы менен 20 чакты мекенчил инсан - кыргыз интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрү соттук куугунтукта жүрөт. 

Айрым учурда алардын сотко чейин жеткен «айыптоолору» акылга сыйбаган абсурд болуп саналат.

Мисалы,

  • жамактап ыр чыгара койгон Жаныбек Абдыбеков мечитти айланчыктап, көчө таптап даават айтып, коомдук пайдалуу эмгек кылбаган динчилерди сынга алган «Мээнеттүүлөр эшикте, мээнетсиздер мечитте» деген посту,

  • этноспорт өнүктүрүүчү, тренер Кубанычбек Тезекбаев өз уулдары менен окуучуларына кайрылып, «Алааңарды 5 маал муздак суу менен жуубагыла, ата болбой каласыңар» деген посту,

  • жарандык активист Сабира Жоробекова айым «Ажылык – бул бизнес» деген посту үчүн Сиз жетекчилик кылган ИИМдин астындагы 10-бөлүмдүн атайы буюртмасы менен Жазык Кодексинин 330-беренеси боюнча жоопко тартып жатышат.

Неужели ушул посттор 110 үй-бүлөнүн минимум 2 млн АКШ доллары, максимум 19 млн АКШ долларын алдап алып, нечендеген жарандарды кыштын ызгаарында майда балдары менен көчөдө калтырып сыздаткан, Сиздин коллегаңыз, менин бир тууганым – полковник Уланбек Аалиевди ак жеринен каралап, СИЗОго 1 жыл 2 ай 2 күн каматкан хиджабчан аферист Асыл Талипованын күнөөсүнөн да чоңбу? 

Арабга айланбай, Жараткандын эркине макул болуп, кыргыз бойдон калууну каалаганы үчүн гана Кыргыз Республикасынын ИИМнин 10-бөлүмү түрүндө мамлекет жарандарды соттук куугунтукка алууга буйрутма берет деген нерсе – бул тарыхта кара так болуп калчу наадандык да, министр мырза! 

Ушундай ашкере адилетсиздик менен наадандык Сизге абийир алып келеби, Улан Омоканович? Бир кезде азуусун ай жанган Чыңгызхандын, Иван Грозныйдын, Сталиндин, Гитлердин да доору бүткөн. Бүгүн мода болгон радикализмдин толкуну эртең артка тартылганда, тарыхта Сиз кандай ат менен каласыз?

Министр мырза!

Айтыңызчы, кыргыз болуу кылмышпы? Эгер кыргыз болуу кылмыш болсо, анда Сиз «Мен кылмышкер эмесмин, анткени, мен кыргыз эмесмин! Мен сырткы геосаясый күчтөрдүн этноцид саясатын жана Халифат куруу идеясын колдойм» деп коомчулукка ачык айтыңыз. 

«Кыргыз болуу кылмыш. Жараткан жаңылып, бизди араб кылбай, кыргыз кылып койгон. Ошондуктан, кыргыздын улуттук баалуулуктары менен кыргыздарды кордоо, басмырлоо – бул парз» деген идея кайсы Ыйык Китепте, кайсы Конституцияда, кайсы Мыйзамда көрсөтүлгөн? 

Эгер Сиз кыргыз уулу болсоңуз, анда улуттук баалуулуктарды колунан келишинче коргогон мекенчилдерди соттук куугунтукка алып, радикал динчилердин акчасына кылмыштуу буйрутма аткарууну өнөкөткө айланткан

  • Сиз жетекчилик кылган ИИМдин астындагы 10-бөлүмдө иштеген тергөөчү Юруслан Абдуманаппов,

  • Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин тергөөчүлөрү Самат Долотбаков менен Нурсултан Чырмашев

  • сыяктуу сырткы геосаясый күчтөрдүн буйрутмасын кынтыксыз аткарган теги белгисиз, улуттук ар-намысы жок кызматкерлериңизди тартипке чакырып, тыйып коюңуз.

Баса, министр мырза! 

Сиз жетекчилик кылган ИИМде иштеп, мекенчил инсандарга «охота» уюштурган кызматкерлер бир гана «Булар Арстан Алайга сыйынган теңирчилер» деген «аргументке» таянышат. 

«Теңирчи» деген жасалма терминди дин таратуучу Абдышүкүр Нарматов Теңир-Тоодо жайгашып, Кокондуктарга чөк түшпөй, улуттук каада-салтты толук сактап калган Нарын облусунун элин (дегеле, түндүк Кыргызстандын элин) кордоп, кылмыштуу дискринимациялоо үчүн ойлоп чыккан. Ага далил болгон видео жогоруда Сизге сунушталган шилтемеде бар. 

Эгер Арстан Алай аттуу жаран кылмышкер болсо, эмнеге Сиз жетекчилик кылган ИИМдин астындагы 10 бөлүм ошол Арстан Алай аттуу жаранды соттук куугунтукка албайт? Анын акчасы бар, ал эми куугунтукталгандардын акчасы жок да, чынбы? 

Дагы бир өтүнүч, министр мырза!

Жогоруда Сизге сунушталган шилтемелердеги видеолордо айтылып,

  • кыргыз элинин улуттук баалуулуктарына,

  • кыргыз элинин бүтүндүгүнө,

  • светтик мамлекеттин принциптерине,

  • Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүмүнө кылмыштуу кол салган

  • радикалдуу динчилерге таандык 3000ден (үч миңден) ашуун скриншоттор менен бир катар видео материалдарды тиркеп, аларды жоопко тартуу тууралуу бир топ Кайрылууларды, каттарды жазып, аларды расмий каттоодон да өткөрдүк эле.

Бирок, аларга жооп жок. Себеби эмне болду экен? Калың коомчулук Сиздин жоопту күтөт.

«Уюткулуу Улуу Журт» коомдук кыймылынын төрайымы, философия илимдеринин кандидаты, доцент, Манас таануучу Гүлзат Аалиева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости