www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 28-мартта Бишкекте Кыргыз — Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында өндүрүш боюнча жумушчу топтордун отуруму өтөт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, иш-чарага Россиянын ири ишканаларынын, анын ичинде "КамАЗ", "Росатом", "Уралвагонзавод-Транс" ишканаларынын өкүлдөрү да катышат. Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Айнура Усенбекова жана Россиянын өнөр жай жана соода министринин орун басары Алексей Груздевдин төрагалыгы алдында болот.

Мындан тышкары, бул күнү эки өлкөнүн ишкерлеринин соода өкүлчүлүктөрүндө, ишканаларда жана тиешелүү министрлик, түзүмдөрдө жолугушуулары пландалган.

Эртеси, 29-мартта, Кыргыз — Россия өкмөттөр аралык комиссиянын соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиясынын жыйыны болот. 

Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Россия өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук катышат. Жыйында Кыргызстанда орус тилдүү тогуз мектептин курулушу боюнча келишимге кол коюлат. Ал мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында уюштурулары маалымдалды.

Последние новости