www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүү жана электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу багытында ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө.
Министрлик тарабынан бекитилген программалардын алкагында өлкөнүн аймактарында электр тармактары жаңыланып, жаңы энергетикалык объектилер пайдаланууга берилүүдө.
Аталган иштердин алкагында Чүй облусу боюнча 4 даана көмөкчордон куруу пландаштырылууда
- 110/35/10 кВ «Манас II» көмөкчордону;
- 220/35/10 кВ «Чуйская» көмөкчордону;
- 110/35/10 кВ «Күн-Туу» көмөкчордонун;
- 35/10 кВ «Ленинская» көмөкчордону.
Мындан тышкары, 5 даана жаңы трансформатор коюлуп, 785 даана 6-10/0,4кВ ТКЧ капиталдык оңдоодон жана 5176 даана 6-10/0,4кВ ТКЧ күнүмдүк оңдоодон өткөрүү пландаштырылууда.
Аткарылып жаткан иштер электр энергиясынын туруктуулугун камсыздоого, калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатын жогорулатууга, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу жана мүмкүн болгон авариялык абалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
Электр энергиясы боюнча кошумча маалымат алуу үчүн сиздер күнү-түнү төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
105 (акысыз чалуу)
+996 772 001209
+996 556 001209
WhatsApp: +996 702 001209