www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 23-февралында Женева шаарында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жана Куралсыздануу боюнча конференциянын Жогорку деңгээлдеги сегменттеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индонезия Республикасынын Тышкы иштер министри Сугионо менен жолугушуу өткөрдү.
Тараптар кыргыз-индонезиялык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, саясий диалогду жандандыруунун, жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруунун, эки тараптуу байланыштарды чыңдоонун жана БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Тараптар бизнес-форумдарды өткөрүү аркылуу экономикалык байланыштарды күчөтүү боюнча макулдашып, Кыргыз Республикасында халал индустриясын өнүктүрүү багытында кызматташууну жолго коюуга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар көп тараптуу жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого, практикалык кызматташууну кеңейтүүгө өз ара даяр экендиктерин ырасташты. Ошондой эле эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн жана туруктуу саясий консультациялар механизмдерин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.