www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин №6 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Алтынбек Токтосунов шайлоодо жеңип чыккан, учурдагы ЖК депутаты Бекмурза Эргешовду мурдагы соттолгонун жашырган деп айыптады.
Токтосуновдун маалыматына ылайык, Эргешов 1997-жылы өзгөчө ири өлчөмдө баңгизаттарды таратууга айыпталып, 1998-жылы беш жылга эркинен ажыратылган. Анын айтымында, бул мөөнөттүн бир бөлүгүн Эргешов Жалал-Абад шаарындагы түзөтүү колониясында өтөгөн.

Ушул маалыматтардын негизинде талапкер Эргешовдун депутаттык мандатын кайтарып алуу өтүнүчү менен Борбордук шайлоо комиссиясына, Башкы прокуратурага жана Президенттин администрациясына кайрылган

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку сотко жана ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгына расмий суроо-талап жөнөтүлгөнүн билдирди.

Последние новости