www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги электроэнергиянын тартыштыгын жоюу максатында энергетика тармагындагы ГЭСтерди жана жабдууларды жаңылоо, реконструкциялоо иштерин улантууда. Анын алкагында «Чакан ГЭС» ААК Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо боюнча башкы подрядчы компания –China National Heavy Machinery Corporation (СНМС) менен келишим түздү. Учурда подрядчы компания долборлоо-сметалык документациясын даярдоого киришти. 

Реконструкциялоо долбоору жабдууларды жаңылоого, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жана станциянын кызмат мөөнөтүн узартууга багытталган. Бул иштер Лебединовка ГЭСинин ишинин натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн бир кыйла жогорулатат:
• орнотулган кубаттуулукту 7,6 МВттан 10,0 МВтка чейин көбөйтүү;
• электр энергиясын жылдык өндүрүүнү 37,2 млн кВт∙с сааттан 53,5 млн кВт∙с саатка чейин жогорулатуу; 
• гидроэлектростанциянын ишенимдүүлүгүн жакшыртуу.

Эске салсак, Лебединовка ГЭСи Чүй облусундагы иштеп жаткан эң эски гидроэлектростанциялардын бири. Анын курулушу 1942-жылдын май айында — Улуу Ата Мекендик согуштун эң кызуу мезгилинде башталган. Негизги иштер катаал кыш мезгилине туура келген. Жети миңден ашуун аялдар жана балдар өз колдору менен тоңгон жерди казып, кайра муздун үстүнөн ташып, тизеден муздак сууда туруп, күн сайын 200 кубометрге чейин жер алдындагы сууну сордуруп, пайдубал бузулбашы үчүн жан үрөп эмгектенишкен. Курулуш болгону бир жыл эки жумага созулган. Ал эми 1943-жылы Фрунзе шаары (азыркы Бишкек) жашоо үчүн өтө маанилүү болгон электр энергиясын алып, фронтту камсыздаган эвакуацияланган заводдор иштей баштаган.
 

Последние новости