www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский Би-би-сиге берген маегинде украин аскерлерин Донбасс, Херсон жана Запорожье облустарынан чыгарууга каршы экенин айтты.
- Мен муну позицияларыбызды таштап кетүү жана ал жерлерде жашаган жүз миңдеген жараныбыздан баш тартуу катары көрөм. Мындай “чегинүү” коомубузду бөлүп-жарарына көзүм жетет, - деген ал.
Зеленскийдин айтымында, Орусияга аскердик күчтөрүн калыбына келтирүү үчүн бир нече жылдык тыныгуу керек, андан кийин агрессияны кайра улантышы мүмкүн.
Президент АКШдан шайлоо өткөрүлгөнгө чейин коопсуздук кепилдиктерин берүүнү талап кылууда.
Би-би-синин маалыматына караганда, Вашингтон быйыл жай айларына чейин Украинада президенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылууда. Зеленский өзү кайра талапкер болобу же жокпу чечим кабыл ала электигин айтты.