www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган саясаттын алкагында Чүй облусунда бир катар инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып, быйыл план боюнча 4 көмөк чордондун кубаттуулугун 37 МВА көтөрүү боюнча иштер жүргүзүлөт
 Атап айтканда:
- 1974-жылы курулуп ишке киргизилип, Ысык-Ата районунун калкын электр энергия менен камсыздап келе жаткан, жалпы кубаттуулугу 50 МВА 110/35/10 кВ «Ивановка» көмөк чордонунда 25 МВА трансформатор 40 МВАга алмаштырылып, көмөк чордондун кубаттуулугун 65 МВА түзүп, Ысык-Ата районунун керектөөчүлөрүн электр энергия менен камсыздоону жакшыртууга жакшы шарттарды түзүп берет.
Алсак, учурда Ысык-Ата районунда жалпы 15185 абонент бар. Анын ичинде 14151 турмуш тиричилик, 1034 өндүрүш абоненттери. Акыркы бир жылда эле 1120 жаңы абонент кошулган.
- Сокулук районунун Кара-Сакал, Кун-Туу, Жал айылдарын электр энергия менен камсыздаган 35/10 кВ «Жал» көмөк чордонунда 6,3 МВА трансформатор 16 МВАга алмаштырылып, көмөк чордондун кубаттуулугу 9,3 МВА жогорулайт;
- Сокулук районунун Кожомкул, Учхоз, ВОССТ айылдарынын жашоочуларын электр энергия менен камсыздаган, 1979-жылы ишке киргизилген 35/10 кВ «Военно-Антоновка» көмөк чордонунда 10 МВА трансформатор 16 МВАга алмаштырылып, көмөк чордондун кубаттуулугун 6 МВА көтөрүү иштери жүргүзүлүүдө. 

Көмөк чордондордун кубаттуулугунун жогорулашы менен Сокулук районунун тургундары сапаттуу электр энергиясы менен камсыз болот.

Учурда Сокулук районунда 74708 абонент бар. Анын ичинен 71547 турмуш тиричилик, 3161 өндүрүш абоненти. Акыркы бир жылда эле 4000 жаңы абонент кошулган.

Чүй районунун, Токмок шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү жана электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында, 1974-жылы ишке киргизилип, жалпы кубаттуулугу 26 МВА 35/10 кВ «Достук» көмөк чордонунда 10 МВА трансформатор 16 МВАга алмаштырылып, көмөк чордондун жалпы кубаттуулугун 32 МВАга түзүп, келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүүгө шарт түзөт.
Учурда Чүй районунда 37085 абонент бар. Анын ичинен 34774 турмуш тиричилик, 2311 өндүрүш абоненти. Акыркы бир жылда 316 жаңы абонент кошулган.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында электр тармактарынын өткөрүмдүүлүгү кыйла жогорулап, жүктөмдөр азаят жана жаңы керектөөчүлөрдү кошууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Натыйжада Чүй облусунда электр энергиясын жеткирүүнүн сапаты жакшыртылып, калк жана ишканалар туруктуу электр менен камсыздалып, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
 

Последние новости