www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас шаарындагы административдик имаратта бүгүн, 24-апрелде 1986-жылдын 26-апрелинде Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясында болгон жарылуунун курмандыктарын жана анын кесепеттерин жоюуга катышкан жарандарды эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урмат Самаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Чернобыль апаатынын ардагерлери, алардын жакындары жана жаштар катышты.

Жыйында сөз сүйлөгөн облус башчысынын орун басары Урмат Самаев Чернобыль апааты адамзат тарыхындагы эң ири техногендик кырсыктардын бири экенин белгилеп, анын кесепеттерин жоюуга катышкан мекендештердин эрдиги эч качан унутулбай турганын айтты. Ошол кыйын учурда ден соолугун, өмүрүн тобокелге салып, кырсыктын андан ары жайылышын алдын алууга салым кошкон жарандардын эрдиги жаш муун үчүн үлгү экенин белгиледи.

Жалал-Абад облусунан Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга жалпысынан 372 жаран катышкан. Алардын ичинен бүгүнкү күндө 134 ардагер бар.

Последние новости