www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда алдамчылыктардын сериясына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

2025-жылдын 26-ноябрында Кемин РИИБге Алтымыш айылынын тургуну 1986-жылы туулган Д.Б. аттуу жаран кайрылып, ал арызында Р.К. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган.

Ал билдиргендей, Р.К. анын ишеничине кирип, Кытайда өндүрүлгөн «Weltmeiter X6» үлгүсүндөгү автоунааны алып келерин убада кылып, 460 000 сом акчасын алдап алып, андан соң жашынып кеткен.

Натыйжада жаранга олуттуу материалдык зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышты жасоого шектелген 1986-жылы туулган Р.К. аттуу жаран аныкталган.

Ал Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө анын район аймагында жасалган бир нече окшош алдамчылыктардын катышуусу аныкталган, ошондой эле облус боюнча дагы дал ушул кылмыштарга тиешеси бар-жогун текшерүү жүрүп жатат.

Эгер сиз да аталган жарандын аракетинен жабыркаган болсоңуз, Кемин райондук ИИБге кайрылыңыз же төмөнкү номерлерге чалыңыз: 0312 616841, 0701 886295.
 

Последние новости