www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Спутник, дрон жана GPS доорунда жашап жатканыбызга карабай, Жер бетинде адам буту дээрлик баспаган, кирүүгө тыюу салынган аймактар али да бар. Айрым жерлерге жетүү Марска учуп баргандан да татаал.

Венесуэланын жоголгон дүйнөсү

Жер жүзүндөгү эң жеткиликсиз аймактардын бири болуп Венесуэланын калың тропикалык токойлору менен тик аскалардын арасында жайгашкан Ауян-Тепуи жана Рорайма тоолору эсептелет. Жергиликтүү индейлер бул тоолорду “Кудайлардын жашаган жери” деп аташат. Жалпак чокулары токойдун үстүнөн асманга тийип тургандай көрүнөт. Миллиондогон жылдар мурда пайда болгон бул тоолордон дүйнөдө болгону он бешке жакыны гана бар. Алардын эң белгилүүсү бийиктиги 2810 метрге жеткен Рорайма.
Индейлердин уламышына ылайык, Рорайма илгери асманга жеткен гигант дарак болгон. Аны кыйып салышканда, Кудайлар Жерге топон суу жиберген экен.

Бул аймакка жеткен сейрек туристтер дүйнөдөгү эң бийик шаркыратма Анхелди көрүүнү самашат. Дээрлик 980 метр бийиктиктен кулаган суу жерге жетпей жатып эле туманга айланат.  Бирок бул керемет жерлер да толугу менен ачык эмес. Туристтерге Рорайманын бир гана капталына чыгууга уруксат берилет. Калган бөлүгү жапайы жаратылышка калтырылган, адам буту баспаган аймак катары саналат.

«Жамандык жашаган тоо» же Сарисариньяма сыры

Венесуэладагы тепуилердин ичинен эң табышмактуусу – Сарисариньяма тоосу. Индейлердин ишениминде бул тоодо адамдарды жеп коё турган жаман рух жашайт. Ал “сари-сари” деген коркунучтуу үндөрдү чыгарат деп айтылат. 1974-жылы изилдөөчү Чарльз Брюэр-Кариас бул тоону изилдөөгө батынган. Экспедицияга даярдык он жылга созулган. Анын максаты тик чокунун үстүндө жайгашкан табышмактуу тегерек чуңкурлардын сырын ачуу эле.

Окумуштуулар бул чуңкурлар байыркы үңкүрлөр урап түшкөндө пайда болгон деп эсептешет. Натыйжада күн нуру дээрлик тийбеген өзүнчө бир жашыруун дүйнө жаралган.

Кирүүгө тыюу салынган Амазонка токойлору

Бразилиядагы Жавари өрөөнү – дүйнөдөгү эң жабык аймактардын бири. Бул жерде 26 этникалык топко кирген алты миңге жакын жергиликтүү эл жашайт. Алардын 19у сырткы дүйнө менен эч качан байланыш түзгөн эмес.

1990-жылдардан бери Бразилия бийлиги бул аймакка кирүүгө расмий түрдө тыюу салган. Негизги максат – жергиликтүү элди оорулардан жана тышкы кийлигишүүдөн коргоо.

2022-жылы бул жерде британ журналисти Дом Филлипс жана индейлердин укугун коргогон активист Бруно Перейра өлтүрүлгөн. Бул окуя Амазонка жаратылыштын бейиши гана эмес, ошол эле учурда өтө коркунучтуу аймак экенин дүйнөгө дагы бир ирет көрсөткөн.

Адам буту баспаган ыйык чоку

Жер жүзүндө адам баласы чыкпаган эң бийик чоку да бар. Ал Бутандагы Гангхкар Пуенсум тоосу (7575 м). Бул дүйнөдөгү багынтылбаган эң бийик тоо катары белгилүү. Жергиликтүү эл бул чокуда ыйык рухтар жашайт деп ишенип, ага чыгуу чоң күнөө деп эсептейт. XX кылымдын аягында жапон альпинисттери тоого чыгууга аракет кылышкан, бирок Бутандын бийлиги экспедицияны токтоткон. Ошондон бери бул чокуга чыгууга расмий түрдө тыюу салынган.

Тыюу салынган арал — жандуу лаборатория

Океандын ортосунда вулкандын атылышынан пайда болгон бул аралга илимпоздордон башка эч ким кире албайт. Себеби бул жерде жаратылыш өз мыйзамы менен өнүгүп жатат. Ар бир өсүмдүк, ар бир бактерия табигый эксперимент болуп саналат.

Адамдын бир изи да экосистеманы бузушу мүмкүн. Ошондуктан арал толугу менен жабык, жашоонун кантип башталарын байкоого мүмкүн болгон сейрек лаборатория катары сакталууда.

Последние новости