www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган программаларынын алкагында Чүй облусунда бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда.

Сокулук районунда 110/35/10 кВ «Манас» көмөкчордонунун үчүнчү кезегинин курулушу башталды. Курулуш иштери чарбалык ыкма менен жүргүзүлүүдө. Сокулук райондук электр тармактар жана көмөкчордон кызматынын Сокулук тобунун адистери тарабынан жер кыртышын казуу жана жерге туташтыруу контуру жайгаштырыла турган траншеяларды даярдоо иштери кызуу жүрүүдө. Долбоордун алкагында кубаттуулугу 40 МВА болгон трансформатор жана заманбап электр техникалык жабдуулар орнотулат. Долбоордун негизги максаты — Сокулук районун, анын ичинде жаңы турак жай конуштарды, өнүгүп жаткан борбордук экономикалык аймакты жана «Манас» эл аралык аэропортун ишенимдүү жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу. Долбоорду ушул жылдын төртүнчү кварталынын аягына чейин ишке ашыруу пландаштырылган.

Ошону менен катар 2026-жылы 110/35/10 кВ «Күн-Туу» көмөкчордонунун экинчи кезегинин курулушу пландалган. Бүгүнкү күндө жерге туташтыруу контуру жайгаштырыла турган траншеяларды даярдоо иштери жүрүүдө. Анын алкагында кубаттуулугу 25 МВА болгон кошумча күч трансформатору орнотулат. Бул көмөкчордонунун жалпы кубаттуулугун 50 МВАга чейин көбөйтүп, электр тармактарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кыйла жогорулатат. Көмөкчордонду куруу иштери жылдын аягына чейин ишке ашыруу пландаштырылууда.

Мындан тышкары, Токмок шаарында жайгашкан 220/110/35/10 кВ «Чүй» көмөкчордонунун экинчи кезегинин курулушу ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында кубаттуулугу 125 МВА болгон экинчи автотрансформатор жана заманбап жогорку чыңалуудагы жабдуулар орнотулат. Бул долбоор Чүй, Ысык-Ата жана Кемин райондорун электр энергиясы менен туруктуу камсыздоону камсыз кылат жана керектөөнүн өсүшүн эске алат. Азыркы учурда жердетүү иштери аяктаган. Көмөкчордонду куруу иштери жылдын аягына чейин ишке ашыруу пландаштырылууда.

Ошондой эле Чүй районунун Чүй айылынын Өндүрүш аймагында темир-бетон мамыларды өндүрүүчү заманбап цех куруу пландалууда. Азыркы учурда иштер долбоордун сметалык документтерин иштеп чыгуу боюнча жумуштар аткарылууда. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 6 миң даанага чейин мамы чыгарууга мүмкүндүк берет, ошондой эле башка темир-бетон буюмдарын өндүрүү каралган. Бул долбоор ишкананын өзүнүн керектөөсүн камсыздоого мүмкүнчүлүк берип тышкы жеткирүүчүлөргө болгон көз карандылыкты азайтат жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт.

Жалпысынан бул долбоорлорду ишке ашыруу аймактын энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоого, электр менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, жаңы керектөөчүлөрдү кошууга жана Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Последние новости