www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) миссиясы өз ишин баштады. Ал 2026-жылдын 23-апрелине чейин уланат.

Миссиянын алкагында 2026-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министрдин биринчи орун басары Тилек Мамадалиевдин Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) Кыргызстандагы саламаттык сактоо сектору боюнча улук портфелдик менеджери Томас Финкен менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышынын учурдагы абалын талкуулашты, ошондой эле мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын карап чыгышты. Өзгөчө көңүл Ош жана Талас шаарларында перинаталдык борборлорду куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү маселелерине бурулду.

Тараптар Германия тараптын Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымын белгилешти, анын ичинде энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн азайтууга, ошондой эле педиатрия жана неонатология тармагындагы кадрдык потенциалды чыңдоого багытталган иштер өзгөчө белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Германия өнүктүрүү банкы (KfW) тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдоого кызыкдар экенин тастыктады.

Последние новости