www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиевге жана Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге Жогорку Кеңештеги жаңы коомдук кабылдама көрсөтүлүп, жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана кароо системасын өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматтар берилди.

Анын ичинен түшкөн кайрылууларды ыкчам иштеп чыгууга багытталган жаңыланууларга өзгөчө көңүл бурулду. Тагыраагы, жарандардын кайрылууларын кабыл алып, талдоого жана бөлүштүрүүгө арналган жасалма интеллекттин негизиндеги система да көрсөтүлдү.

Жаңы системанын киргизилиши кайрылууларды кароо мөөнөттөрүн кыскартууга жана коомдук кабылдаманын кызматкерлерине болгон жүктү азайтууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Последние новости