www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда милиция кызматкерлери ири көлөмдөгү жүгөрү боюнча алдамчылыкка шектелген жаранды кармады.
Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө С.Ф. аттуу жаран кайрылып, таанышы К.Л. аттуу адамга чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 2023-жылдын ноябрь айынын башында ал шектүүгө 193 тонна жүгөрү өткөрүп берген.
Ал алынган продукция үчүн 6 миң АКШ доллары жана 1 миллион 800 миң сом төлөгөн, бирок дагы 815 миң сом карызы калган.
Бир нече жолу талап кылынганына карабастан, бул сумма бүгүнкү күнгө чейин кайтарылган эмес.
Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө шектүү ишенимге кирип, жабырлануучудан жалпы салмагы 133 тоннаны түзгөн дагы бир жүгөрү партиясын алып, 2 миллион 926 миң сомдук продукция үчүн да төлөм жүргүзбөгөнү аныкталган.
Жалпы материалдык зыян 3 миллион 801 миң сомду түзгөн.
2026-жылдын 13-майында бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон. 1977-жылы туулган К.Л. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ошондой эле анын Чүй облусунун башка аймактарында окшош кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө.
Тергөөнүн жүрүшү уланууда.