www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай менен АКШ биргелешкен гүлдөп-өнүгүүгө жана ийгиликке жетүү үчүн атаандаштыкты эмес, өнөктөштүктү өнүктүрүшү керек. Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 14-майда Бээжиндеги Элдик жыйындар залында АКШнын президенти Дональд Трамп менен болгон сүйлөшүүлөрүндө билдирди.
"Кытай менен АКШнын тирешүүсү өз ара жоготууларга алып келет, андыктан алар атаандаш эмес, өнөктөш болушу керек", - деди Си Цзиньпин.
Кытайдын төрагасы өз ара колдоо жана биргелешип өнүктүрүү азыркы шартта Пекин менен Вашингтонго эки ири державанын ортосундагы кызматташтыктын жаңы форматын иштеп чыгууга жардам бере аларын белгиледи. Ошондой эле ал эки өлкөнүн кызыкчылыктарына жана эл аралык күн тартибине таасир этүүчү негизги маселелер боюнча пикир алмашууну күтөрүн баса белгиледи.
Трамп Кытайга 13-майда мамлекеттик сапар менен келди. Бул Америка лидеринин тогуз жылдан берки биринчи сапары болду. Ак үйдүн башчысы Кытайга Си Цзиньпиндин жеке чакыруусу менен келди.