www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган мамлекеттик сапар менен Астанага келди. Эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин өзгөчө достук деңгээлин көрсөтүү үчүн ал жубайы Эмине Эрдоган менен кошо келди.
Астанада Эрдоган менен Касым-Жомарт Токаев Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүп жатышат.
Негизги максат – эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 15 миллиард долларга жеткирүү (азыркы көлөмү болжол менен 10 миллиард доллар).
Энергетика, өнөр жай жана инвестиция тармактарында бир катар келишимдерге кол коюу, ошондой эле биргелешкен бизнес-форум өткөрүү пландалууда.
Ошондой эле эки өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн күчөтүү үчүн «Ортоңку коридорду» — Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту өнүктүрүү маселеси талкууланууда.
Сапардын экинчи бөлүгү Түркстан шаарында өтөт. Ал жерде 15-май күнү Түр мамлекеттер уюмунун бейформал саммити уюштурулат. Форумдун негизги темалары — жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү. Мындан тышкары Жакынкы Чыгыштагы кырдаал дагы талкууланат.