www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдү браконьерлик торлордон тазалоо иштерин улантууда. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-майында көлдүн түбүнөн 2100 метр эски кытайлык синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды.

Мындай торлор көлдүн экосистемасына өзгөчө коркунуч жаратат. Алар ташталып кеткенден кийин дагы балыктарды жана башка суу жаныбарларын жок кылууну улантып, көлдүн биологиялык тең салмагына олуттуу зыян келтирет. Мындан тышкары синтетикалык материалдар узак убакытка чейин чирибей, сууну булгап келет.

2026-жылдын башынан бери Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан көлдүн түбүнөн жалпысынан 23 100 метр синтетикалык тор жана 760 килограмм таштанды чыгарылды.

Учурда браконьерликке каршы күрөш жана Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Текшерүүлөр көл жээгиндеги бардык райондордо улантылып жатат.

Последние новости