www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 2026-жылдын 13-майында Ташкент шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин криминалдык блогунун бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара трансулуттук кылмыштуулукка жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү маселелерине арналды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов баштаган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин делегациясы катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө кыргыз тарап өлкөдөгү баңгизаттык абалдын учурдагы тенденциялары тууралуу маалымат берип, синтетикалык баңгизаттардын жайылышына, ошондой эле баңгизат кылмыштарында интернет-платформаларды жана криптовалюталарды колдонууга байланышкан коркунучтар күчөп жатканын белгиледи.