www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 29-январында Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Кемин районунун Борду айылында киши өлтүрүү фактысы болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факт каттоого алынып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн. Окуя болгон жерди кароо учурунда Кемин районунун Борду айылында, кашардын ичиндеги эки бөлмөлүү үйдө, керебеттин үстүнөн 1977-жылы туулган Е.А. аттуу жарандын бычак менен сайылып-кесилген жаракаттары бар жансыз денеси табылган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары 1968-жылы туулган, мурда ушуга окшош кылмыш үчүн соттолгон П.А. аттуу жаран аныкталган. Ал Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө Е.А. жана П.А. аттуу жарандар кашарда малчы болуп иштеп жүргөндүгү жана 2026-жылдын 28-январында саат 22:00 чамасында бирге спирт ичимдиктерин ичишкени аныкталган. Алардын ортосунда чыккан чыр-чатактын жүрүшүндө П.А. ашкана бычагы менен Е.А.га бычак жаракаттарын келтирип, анын кесепетинен жабырлануучу каза болгон. Андан соң шектүү бычакты тышкы ажатканага таштап салган.
Азыркы учурда аталган бычак далил буюм катары алынып, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Тергөө улантылууда.