www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында суурлар арасында жугуштуу оорулардын, анын ичинде чумага шектенүүгө негиз боло турган белгилер аныкталган жок.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүү социалдык тармактарда тараган маалыматтардан кийин уюштурулган.
Ага Ветеринардык кызматтын, Улуттук илимдер академиясынын жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан.
Адистер суурлардын популяциясына визуалдык байкоо жүргүзүп, жаныбарлардын абалы канааттандырарлык экенин жана жугуштуу оорулардын белгилери жок экенин аныкташкан.
Министрлик ошондой эле Чүй облусунда буга чейин чуманын табигый очоктору катталбаганын белгиледи.
Мекеменин маалыматына ылайык, Кыргызстанда өзгөчө кооптуу инфекцияларга туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Талас облустарындагы чумага каршы станциялар алдын алуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.