www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Таиланддан өлкөгө баңгизат ташып келүү менен алектенген эл аралык каналдын ишмердүүлүгүн токтотту.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы «Түндүк» темир жол бажысынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы почта бөлүмдөрүнүн биринде эки жаран кармалган.
Маалыматка ылайык, кармалгандардан Таиланд Королдугунан келген марихуана табылып, алынган баңгизаттын жалпы салмагы 7 килограмм 560 граммды түзгөн.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, анын көмүскө базардагы баасы 400 миң АКШ долларынан ашмак. Тергөөнүн жүрүшүндө баңгизат партиясы Казакстанга мыйзамсыз өткөрүү үчүн даярдалганы аныкталган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») менен кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштери улантылып, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн башка каналдарын табуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.