www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында өспүрүмдөрдүн ортосундагы жаңжал боюнча текшерүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-июль күнү Ош шаарынын тургуну, 1988-жылы туулган Ж.Ы. арыз менен кайрылган. Анын билдирүүсүнө ылайык, ошол эле күнү саат 20:30 чамасында Ош шаарынын Анар кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйдүн алдында белгисиз жаран өзүнүн баласы менен биргеликте анын жашы жете элек уулу — 2011-жылы туулган А.Н.га карата ээнбаштык аракеттерди жасап, денесине залал келтирген.

Бул факты боюнча маалымат Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө катталып, тиешелүү текшерүү жана тергөө иштери башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга тиешеси бар жарандардын өздүгү аныкталып, алар — 1982-жылы туулган П.А. жана анын уулу, 2011-жылы туулган Н.Н. экендиги такталган. Аталган жарандар тергөө кызматына жеткирилип, тиешелүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө иштери улантылып жатат. Топтолгон материалдардын негизинде фактыга юридикалык баа берилип, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Последние новости