www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын март айында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Ш.А. аттуу жарандан (Д.М.нын кызыкчылыгында иш алып барган өкүлү) арыз келип түшкөн. Анда «Зил» тоо-лыжа комплексинин жетекчилигинин эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоодо шалаакылыкка жол бергендиги көрсөтүлгөн.

Арызга ылайык, 2025-жылдын 27-январында Д.М. аталган тоо-лыжа комплексинде эс алып жүрүп, лыжа менен түшүп келе жатып бурулуштан өтпөй, катуу ылдамдыкта таштарга урунуп кулап кеткен. Натыйжада ал оор жаракат алган.

Бул факты катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (Керектөөчүлөр үчүн кооптуу шарттарды түзүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында Д.М.нын саламаттыгына оор залал келтирилгени аныкталган.

Тергөө учурунда бардык тараптар суракка алынып, тиешелүү мамлекеттик органдардан зарыл маалыматтар алынган. Учурда КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымат күтүлүүдө. Иликтөөнүн жыйынтыгында мыйзам чегинде укуктук баа берилет.

Тергөө иштери уланууда.

Последние новости