www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 2-февралынан тарта Чүй облусунун аймагында коомдук коопсуздукту чыңдоо жана укук тартибин камсыз кылуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан жарандар арасында анонимдүү сурамжылоо иш-чаралары жүргүзүлө башталган. Бул иш-чара укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алууга багытталып, калк арасында мониторинг жүргүзүү аркылуу коомдогу реалдуу абалды аныктоону көздөйт. Сурамжылоо коомдук жайларда, соода түйүндөрүндө, курулуш объектилеринде, ашкана жана кафелерде, ошондой эле билим берүү мекемелеринде өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган иш-чаранын негизги максаты - жарандардын укуктарын коргоо багытында ар кандай укук бузууларды, опузалап талап кылуу көрүнүштөрүн, ошондой эле мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү тарабынан мыйзамсыз кысым көрсөтүү фактыларын аныктоо жана алардын алдын алуу болуп саналат.

 

Последние новости