www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

Коргоо министринин биринчи орун басары Талайбек Шаршеев белгилегендей, аталган мыйзам долбоору альтернативдик кызмат өтөп жаткан жарандардын альтернативдик кызмат өтөгөндүгү үчүн, мобилизациялык резервдик жыйындарга, ошондой эле запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервдик жыйындарга катышкандыгы үчүн белгиленген төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктоо максатында иштелип чыккан.

Талкуунун маалында депутаттар төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө жол берилбестигин, бул карапайым жарандарга терс таасирин тийгизерин баса белгилешти. Алсак, депутат Камила Талиева альтернативдик кызмат өтөө үчүн белгиленген төлөмдүн көлөмүн аныктоодо аймактардагы жарандардын кирешесин эске алуу зарылдыгын белгиледи.

Депутат Эльвира Сурабалдиева Аскер комиссариаттарындагы коррупциялык көрүнүштөргө токтолуп, мындай терс факторлорду эске алуу менен альтернативдик кызмат өтөө төлөмүн жогорулатуу канчалык максатка ылайык экендигин тактады.

Сунушталган ченемдер социалдык теңсиздикти жаратышы мүмкүн экенин айткан депутат Илимбек Кубанычбеков иш жүзүндө жарандар каржылык мүмкүнчүлүгүнө жараша альтернативдик кызмат өтөө укугун аларын, ал эми калгандары аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү экендигин баса белгиледи.

Депутат Дастан Бекешев 2024-2025-жылдары альтернативдик кызмат өтөөдөн канча каражат түшкөнүнө кызыкты. Ал эми депутат Уланбек Жаанбаев альтернативдик кызмат өтөө жана мобилизациялык резервдик жыйындарга катышуу тартибине көңүл бурду.

Последние новости