www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 24-25-январындагы дем алыш күндөрү Чүй облусунун ИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө батальонунун туристтик взводунун кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунун аймагындагы эс алуу жайларында коомдук коопсуздукту камсыз кылышты. Бул мезгилде коомдук тартипти сактоого жана эс алуу учурунда коопсуздук эрежелеринин сакталышына багытталган алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаралардын алкагында Чүй облусунун тоолуу аймактарында, лыжа базаларында жана жарандар көп эс алган жайларда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Иш-чаралардын негизги максаты — эс алуучулардын укуктарын коргоо, коомдук тартипти сактоо жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу болуп саналат.
Алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарандарга сервистик жардам көрсөтүп, эс алуу маалында коопсуздук эрежелерин жана жүрүм-турум маданиятын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Айрыкча эл көп топтолгон жайларда тартипти сактоого өзгөчө көңүл бурулду.
Чүй облусунун милиция кызматкерлери кышкы туристтик мезгилде жарандардын коопсуз жана тынч эс алуусун камсыз кылуу максатында алдын алуу иш-чараларын облус аймагында мындан ары да улантат.