www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Советтик Союздун акыркы лидери Михаил Сергеевич Горбачёв — ХХ кылымдын эң талаштуу саясий фигураларынын бири. Анын ысмы СССРдин ыдырашы, «перестройка», «гласность» жана Кансыз согуштун аякташы менен тыгыз байланыштуу. Айрымдар үчүн ал — тынчтыкты алып келген реформатор, башкалар үчүн — ири державанын кыйрашына жол берген лидер.

Бийликке келиши жана жаңы курс

Михаил Горбачёв 1985-жылы СССР Коммунисттик партиясынын Башкы катчысы болуп шайланган. Ал бийликке келген учурда өлкө терең экономикалык жана социалдык кризиске кабылган эле. Өндүрүш төмөндөп, дефицит күчөп, коомдо нааразылык көбөйгөн.

Ушундай шартта Горбачёв «перестройка» (кайра куруу) саясатын жарыялады. Анын максаты — советтик экономиканы жаңыртуу, башкарууну либералдаштыруу жана коомду ачыктыкка алып келүү болчу.

Горбачёвдун эң маанилүү кадамдарынын бири —  ачык жургузгөн саясаты болду. Бул сөз эркиндигин кеңейтип, мурда тыюу салынган темаларды ачык талкуулоого шарт түзгөндүгү болгон. Сталиндик репрессиялар, Чернобыль кырсыгы, коррупция жана партиянын каталары коомчулукка ачык айтыла баштады.

Аналитиктердин пикиринде, саясаттагы эркиндик советтик коомду ойготту, бирок ошол эле учурда борбордук бийликтин авторитетин алсыратты.

Экономикалык реформалар жана кыйынчылыктар

Экономика тармагында Горбачёв жарым-жартылай рыноктук элементтерди киргизүүгө аракет кылды. Кооперативдерге уруксат берилди, жеке ишкерлик пайда боло баштады. Бирок реформалар ырааттуу жүргүзүлгөн жок.

Натыйжада, 1980-жылдардын аягында СССРде товар тартыштыгы күчөп, инфляция өсүп, элдин жашоо деңгээли кескин төмөндөдү. Бул калктын нааразылыгын күчөткөн.

СССРдин ыдырашы

Тилекке каршы саясий эркиндик союздук республикаларда улуттук кыймылдардын күчөшүнө алып келген. 

1991-жылы август айында борбордук бийлик толугу менен алсырап, ошол эле жылы декабрда СССР расмий түрдө таркады. Горбачёв президенттик кызматтан кетти.

Батыштагы баа, ички сын

Айрым аналитиктер СССРдин урашына Батышты айыптап бир топ жылдан бери жазып келса, Батыш өлкөлөрүндө Михаил Горбачёв Кансыз согушту тынч жол менен аяктаган лидер катары жогору бааланат. Ал АКШ жана Европа менен куралсыздануу боюнча келишимдерге кол коюп, 1990-жылы Нобель Тынчтык сыйлыгына татыган.

Ал эми айрымдар аны демократиянын жолун ачкан реформатор деп эсептесе, башкалары өлкөнүн ыдырашына жана экономикалык каатчылыкка күнөөлөшөт.

Тарыхтагы орду

Саясат таануучулардын айтымында, Горбачёвдун ролу — тарыхый процесстердин кесилишинде турган фигура. Ал системаны сактап калууну каалаган, бирок жүргүзгөн реформалары ошол системанын урашын тездеткен.

Жыйынтыгунда Михаил Горбачёв — тарыхта карама-каршы бааланган лидер. Анын чечимдери дүйнөлүк саясаттын багытын өзгөрттү, бирок миллиондогон адамдар үчүн оор социалдык кесепеттерди да алып келди. Горбачёвдун мурасы бүгүн да талкууланып, изилдене берет.

Последние новости