www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүйдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу фактысы боюнча 41 жаштагы чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Ингосстрах" компаниясынын өкүлү Ы.Н. милицияга кайрылып, "Д.А.Р." жеке ишканасынын кызматкерлерине карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз берген.
Ал "Ингосстрах" компаниясынын өнөктөшү болгон "Д.А.Р." жеке ишкерлигинде иштеп жүрүп, 2025-жылдын апрель айынан декабрына чейин ОСАГО полистерин сатуудан түшкөн 7 085 708 сомду кымырып кеткен.
Бул факты боюнча "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу" беренеси менен иш козголгон.
Милиция тарабынан шектүү катары 1985-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.