www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө адам өлтүрүүгө шектүү кармалганын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-августта болжол менен саат 18:10 чамасында Москва РИИБге кабар түшкөн. Анда Беловодское айылындагы үйлөрдүн биринде 1956-жылы туулган мас абалындагы эркек киши менен 1958-жылы туулган аял кишинин ортосунда уруш чыкканы, жыйынтыгында эркек киши аялды бычак менен курсак тушуна бир нече жолу сайып жибергени айтылган. Натыйжада аял көз жумган.

"Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Последние новости