www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунда "Йакын-Инкардын” мүчөлөрү экстремисттик идеологиядан баш тартып, светтик жашоого макул болушту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

29-июнда УКМК тарабынан өлкө аймагында тыюу салынган «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик агымынын мүчөлөрү: 1972-жылы туулган Р.Б.К., 1966-жылы туулган М.А.Ч., 1970-жылы туулган М.Ш.С жана 1980-жылы туулган К.Р.А. аттуу жарандар кармалган. 

Аталган адамдар буга чейин Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып, ошол эле учурда өздөрүнүн ишенимдеринен улам үй-бүлө мүчөлөрүнө орто билим алууга жана медициналык тейлөө кызматтарын пайдаланууга жол беришкен эмес.

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №53 мекемесинде камакка алынгандар менен экстремисттик идеологиядан баш тартуу боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада, алар өз иш-аракеттеринин туура эместигин түшүнүшүп, "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик агымынын идеологиясынан баш тартышты. Андан ары УКМК кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте кармалгандардын үй-бүлөлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында балдарга жаңы окуу жылынан баштап мектепте билим алууга мүмкүнчүлүк берүү, ошондой эле поликлиникада каттоого туруу жана тейлөө боюнча милдеттенмелер алынды.

Учурда УКМК тарабынан тыюу салынган диний-экстремисттик агымдардын жана уюмдардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер улантылууда.

Последние новости