www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Москва районунда аялын өлтүрүүгө шектелип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-ноябрда Москва райондук милициясына Бала-Айылчы айылында аял кишинин өлүмү тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге дароо ыкчам тергөө тобу чыгып, 63 жаштагы Э.С. мас абалында жубайы 46 жаштагы Ж.Н. менен урушуп жаткан учурда мергенчилик мылтык менен атып жибергенин аныкташкан. Аял алган жаракатынан улам ошол эле жерде каза болгон.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 63 жаштагы Э.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Последние новости