www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп CBS телеканалына берген маегинде Россиянын жана Кытайдын лидерлери Владимир Путин менен Си Цзиньпинди “күчтүү жана акылдуу адамдар, алар менен ойноого болбойт” деп айтты.

“Экөө тең катуу мүнөздүү, экөө тең акылдуу... экөө тең абдан күчтүү лидерлер. Мындай адамдар менен ойноого болбойт”, — деди ал.

Ак үйдүн башчысы ошондой эле Россияда чоң көлөмдө өзөктүк курал бар экенин моюнга алды. Анын айтымында, ал бул маселени Россия жана Кытай менен, өзөктүк куралдан арылуу (денуклеаризация) маселеси боюнча талкуулаган.

“Менимче, биз өзөктүк куралдан арылуу боюнча кандайдыр бир чара көрүшүбүз керек. Бул тууралуу мен президент Путин жана төрага Си менен чындап эле сүйлөштүм”, — деди америкалык лидер.

Ошондой эле Трамп кайрадан өзөктүк сыноолорду өткөрүү пландарын белгиледи.

“Биз мунун кантип иштээрин көрүшүбүз керек. Мен сыноолор тууралуу айтып жатканымдын себеби — Россия өзүнүн тест өткөрүү ниети тууралуу жарыялады, Түндүк Корея дайыма сыноо жүргүзөт. Башка өлкөлөр да ошондой. Биз гана сыноо жүргүзбөгөн өлкөбүз. Мен сыноо өткөрбөгөн жалгыз өлкө болгум келбейт”, — деди ал.

Последние новости