www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 10-декабрында Сокулук РИИБге Чүй облусунун аймагында жана Бишкек шаарында «А» аттуу жаран афган тектүү «чарс» аталышындагы баңги затын сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул факт каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 282-беренесинде каралган (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында милиция кызматкерлери тарабынан атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө «А» аттуу жаран «чарс» баңги затын 1500 сомго мыйзамсыз сатканы аныкталып, аталган зат алынган.

Алынган затка соттук-химиялык экспертиза дайындалып, эксперттердин корутундусуна ылайык, көрсөтүлгөн зат баңги каражаты - каннабис чайыры (гашиш) болуп саналат. Анын салмагы таңгаксыз 0,3017 граммды түзгөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «А» аттуу жарандын өздүгү аныкталып, ал 1968-жылы туулган А.А. экендиги белгилүү болгон. Тергөө учурунда анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада окшош баңги заттар - каннабис чайыры (гашиш) жалпы 40 грамм өлчөмүндө табылып, алынган.

2026-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.

Последние новости