www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир катар уурулукка шектүү адамдар кармалды, деп билдирди 6-мартта Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.

Москва районундагы Беловодск айылынын тургуну милицияга кайрылган. Анын айтымында, 1-мартка караган түнү үйүнүн алдына токтотулган «Daewoo Matiz>>> үлгүсүндөгү автоунаадан банк картасы жана уюлдук телефону уурдалган. Андан кийин уурулар ошол картадан дүкөнгө 14 43 сом төлөп беришкен.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталды. Рейддин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1986-жылы туулган К.Н. жана 2002-жылы туулган И.З. бул ишке шектелип кармалды. Алар убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

Милициянын маалыматы боюнча, тергөөнүн алкагында алар ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасаганы аныкталып жатат.

Последние новости