www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Бишкек-Ош автожолунун 141-чакырымында эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы тууралуу маалымат берди.
Маалыматка ылайык, 25-январь күнү саат 11:35 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) жүк ташуучу машине күйүп жатканы боюнча маалымат түшкөн.
Кырсык болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Текшерүүдө MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын ээси (О.К.) күйүүчү май заттарды ташып иштей турганы аныкталган. Ал 23-январда бир компаниядан АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди алып, башка бир адамда (К.А.) айдоочу катары жалдап, Ош шаарына жөнөгөн.
Жолдон автоунаанын алдыңкы сол дөңгөлөгү жарылып, айдоочу машинени башкара албай каршы тилкеге чыгып, оодарылып токтогон. Автоунаадан өрт чыгып, жүк ташуучу машине жана бензин толугу менен күйүп кеткен. Айдоочу жана жүргүнчү окуя болгон жерде каза болушкан.
Маркумдардын сөөктөрү Жайыл райондук аймактык оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилип, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 8 миңден ашык жол кырсыгы катталып, андан 900 адам каза тапкан.